Биз менен байланышыңыз

Чүйдөгү катуу шамалдын чыгымы 23,5 млн сомду түздү

Кыска кабар | 5 Апр 2024 | 140 | 0

Чүй облусуна катуу шамалга байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Өзгөчө кырдаал режими 28-мартта ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамалдын натыйжасында киргизилген.

Чүй облусунун Жарандык коргонуу боюнча комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча келтирилген чыгым 23 миллион 567 миң 335 сомду түздү.

Катуу шамалдан 183 объект, анын ичинде 87 турак үй, 2 оорукана, 39 мектеп, 16 бала бакча, 13 мамлекеттик мекеме, 1 жогорку окуу жайы, 20 трансформатордук подстанция, кампа, мончо, дүкөн, электр линиялары жана дагы башка 5 имарат жабыркады.

Шамалдын кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышты. Мындан тышкары, райондук администрациялардын, айыл өкмөттөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринен турган мобилдик топтор уюштурулуп, алар аймактарды изилдөө жана кесепеттерин аныктоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштешти.

Copyright © 2017 Maral FM