Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Бейшеналиевди эмнеге коргой турганын айтты

Кыска кабар | 4 Апр 2024 | 578 | 0

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу айтты.

Ал Бейшеналиев жакыны эмес экенин, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кызматта кармап жүрөрүн айтты.

Президент саламаттык сактоо министрин эле эмес, коррупцияга каршы күрөшкөн бардык министрлерди коргой турганын кошумчалады.

“30 жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигиндеги уюп калган коррупциялык системаны талкалап жок кыласың, карапайым эл үчүн жакшы шарттарды түзүп бересиң” деп шарт койгом. Колунан келишинче аткарып атат. Ага каршылыктар абдан күч экенин барыбыз жакшы билебиз. Мен бул эле министрди коргоп аткан жокмун. Коррупцияга каршы күрөшкөн, уурулуктарды токтоткон бардык министрлерди коргойм.

Эгер өздөрү коррупцияга, уурулукка аралашса анда андай министрлерге аёо жок. Эгер уюган коррупцияны, уурулукту жок кылуу үчүн күрөшүп жаткан министрлердин баарын туш-туштан талап жей берсек, эртең эч бир министр иш кылбай коёт. Эптеп күн өткөрмөй башталат. “Тигил менен жаман көрүшпөй эле коеюн, муну менен жаман көрүшпөй эле коеюн” деген позицияга өтүп алып, эптеп убакыт өткөрүп жүрө бергендерди көрүп калбадыкпы. Убакыт күтпөйт. Тез-тез иштешибиз керек. Бир эле жактуу болбой эки жакты тең карайбыз. Эгер депутат айткан фактылар аныкталса сөзсүз жазалайбыз» , — деди Садыр Жапаров.

Ал эми парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия саламаттык сактоо министринин ишмердүүлүгүн текшериши керектигин, эгер мыйзам бузуу менен байлык тапкан болсо жазага тартыларын айтты.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар деген сөздөрдү айтып, министрдин жоопкерчилигин кароону сунуштаган.

Алымкадыр Бейшеналиев дарыгер катары бардык жарандарды дарылоого милдеттүү экенин, депутат өзүн жеке таарынычына байланыштуу сындап жатканын айтып, аны сотко берген.

Парламенттин 3-апрелдеги жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу жарым саат сөз сүйлөп, саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиевди коррупцияга айыптады. Ушул эле жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM