Биз менен байланышыңыз

Бишкекте үч баланын энеси мурунку күйөөсүнүн колунан каза тапты

Кыска кабар | 4 Апр 2024 | 2565 | 0

Бишкектин Кут конушундагы жеке үйлөрдүн биринде 33 жаштагы келин каза болду. Маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады.

Билдирүүгө караганда, 4-апрелде 1990-жылы туулган А.Р. аттуу жарандын өлүмү боюнча милицияга маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБнин ыкчам-тергөө тобу барган.

Бул факты боюнча райадминистрациянын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) иши козголгон.

Адам өлтүрүүгө шектелип 1991-жылы туулган Б.К. кармалды.

Кылмыш ишинин алкагында бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова киши колдуу болгон келинди 18 жашында аны турмушка чыгууга мажбурлашканын, 22 жашында ажырашып кеткенин, оор шарттарда жашап келгенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM