Биз менен байланышыңыз

5-апрелде күндүз жаан жаашы мүмкүн

Кыска кабар | 4 Апр 2024 | 127 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 5-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.  Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+8, күндүз +17…+22,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,

Баткен түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+5, күндүз +10…+15.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM