Биз менен байланышыңыз

Ташиев «мафиялык түзүлүштөргө» каршы күрөш улана турганын айтты

Кыска кабар , Саясат | 4 Апр 2024 | 711 | 0

Кыргызстанда «мафиялык түзүлүштөргө» каршы күрөш уланат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин ачылышында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, коомдо акыркы күндөрү «тартипсиздик» көбөйүп кеткен.

«Бизде олигархтар, мамлекеттик ууру чиновниктер, криминалдык топтор пайда болгон. Ушул үч топ биригип, «мафиялык түзүмдөрдү» түзгөн. Биз алар менен бүгүнкү күнгө чейин күрөшүп келатабыз. Күрөш уланууда, биз алардан арылабыз. Мамлекеттик олигархтар коомду башкарбашы керек», — деп белгилеген Ташиев.

УКМК төрагасы ошондой эле мамлекетти талап-тоногон чиновниктер бай жашап, коомго таасирин тийгизбөөсүн, «криминалдык» топтор өлкөдө такыр болбошу керектигин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM