Биз менен байланышыңыз

4-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 338 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 4-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM