Кыргызгидромет билдиргендей, 4-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.