Биз менен байланышыңыз

Парламентте Мадумаровду бошотуу талабы коюлду

Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 397 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин 3-апрелдеги жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду абактан бошотууну талап кылды.

28-март күнү Мирбек Сатарбек уулу аттуу сот өкүм чыгарды. Адахан Мадумаров эки кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок мөөнөтү өтүп кеткенге байланыштуу жаза чегерилген эмес.

«Ушул жерде башынан айтканбыз, мөөнөтү өтүп кеткен, кылмыш болгон күндө да иш козгобош керек болчу. Юриспруденциянын тарыхында мындай болгон эмес. Кылмыш процессуалдык кодекстин 359-беренесинде так жазылып турат, эгер мөөнөтү өтүп, иши кыскарып, жаза колдонулбаса айыпталуучу эркидикке чыгышы керек. Бирок сот чечим күчүнө кирмейинче абакта болот деп жатат. Алты ай камакта отургузуп, аягында жаза колдонбойбуз деген кандай сөз?» , — деди Масалиев.

Депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууда мыйзам бузулганын айтты.

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 26-марттагы өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, бирок жаза чегерилген эмес.

Соттун маалыматы боюнча, Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 338-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыпталган.

Адахан Мадумаров өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта болот. Быйыл 8-февралда райондук сот Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасын карап, 9-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Адахан Мадумаров алгач кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюуга айыпталып, «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен камакка алынган.

Кийинчерээк Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, арыз жазган. Бул фактынын негизинде «алдамчылык» беренеси да кошулган.

Адахан Мадумаровду 2023-жылдын 2-сентябрында ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери көчөдө жүргөндө кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM