Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Кытай 1,1 млрд долларлык келишимге кол коюшту

Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 167 | 0

Бишкекте кыргыз-кытай ишкерлеринин бизнес-форуму өттү. Ага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз катышты.

Форумга Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр кытайлык 50дөн ашуун ири компания катышты. Ошондой эле, айыл чарба, медицина, билим берүү, санариптик өнүктүрүү, өнөр жай, туризм жана кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барган 50гө жакын жергиликтүү компаниялар болду.

Ишкерлер форумдун жүрүшүндө өз тармактары боюнча презентацияларды көрсөтүп, аны менен бирге далилдүү сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду карап чыгышты.

“Кыргызстан – Кытай (СУАР)” бизнес-форумунун жыйынтыгында энергетика жана тоо-кен тармактарында 1 млрд 151 млн доллар суммасындагы 7 документке кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM