Биз менен байланышыңыз

ТИМ Москвадагы кол салуу боюнча айткан кыргызстандык жаран кармалганын тастыктады

Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 289 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвада “Крокус Сити Холлдун” концерттик залында болгон кол салуу тууралуу айткан кыргызстандык жарандын кармалышы боюнча комментарий берди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын жараны А.Ж.А.га карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 1-беренесинин 205.2-бөлүгү (терроризмди ачык актоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул маалымат Орусиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнөн алынган.

Кыргызстандын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгү жогорудагы кылмыш иши боюнча алдын ала тергөөнүн жүрүшү тууралуу толук маалымат алуу үчүн тергөө органдарына суроо-талап жөнөткөн.

Кылмыш иши козголгон кыргызстандык жаранга элчилик тарабынан консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөрү, бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин көзөмөлүндө турары кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM