Биз менен байланышыңыз

Кочкор-Атадагы окуядан кийин кызматтан алынган жетекчи Бишкекке дайындалды

Кыска кабар | 2 Апр 2024 | 547 | 0

Кочкор-Атада атасына болушкан баланын окуясынан кийин кызматтык териштирүүнүн негизинде кызматтан бошотулган Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Маалыматты Ички иштер министрлигине таянып Акипресс агенттиги жазды.

Ички иштер министрлиги 2-апрелде Кочкор-Атадагы окуядан кийин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев ээлеген кызматынан бошотулганын кабарлаган.

Мындан тышкары, облустук ички иштер башкармалыгынын 13 жетекчи кызматкерлерине дисциплинардык жаза берилди.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Кочкор-Атада шектүүнү кармоо учурундагы видео жарыяланып, анда жаранды жерге жаткырып алып сабашканы катуу талкууга кабылган. Бул учурда кармалган адамдын уулу атасына болушуп, милиция кызматкерлерине кол салган. Кийин ал бала ооруканада жатканы кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM