Биз менен байланышыңыз

Түркия: «Бийликчил партия кадр саясаты жана инфляциянын айынан утулду»

Дүйнө | 1 Апр 2024 | 321 | 0
Экрем Имамоглу жана Мурат Курум

Кечээ, 31-мартта Түркияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн шайлоо болуп өттү. Бул шайлоонун жыйынтыгы менен шаар мэрлери жана шаардык, айылдык кеңештин курамы аныкталат. Шайлоодо негизги атаандаштык оппозициячыл Элдик-республикалык партиянын жана бийликтеги»Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын талапкерлеринин ортосунда болду. Түркиянын негизги шаарларында шайлоодо оппозициячыл Элдик-республикалык партиясынын талапкерлери жеңди. Бийликчил «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы көпчүлүк аймактарда жеңилүүгө дуушар болду. Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу ири шаарларды эми оппозициячыл саясатчылар башкарат. Бул Түркияга кандай таасир берет? Бийликчил партия эмнеден жаза тайды? Түркиядагы шайлоонун жүрүшү жана андан Кыргызстан кандай сабак алышы керек?

 Түркияда бир жылга чукул убакыттын ичинде үчүнчү жолу шайлоо өттү. Өткөн жылдын 14-майында президенттик шайлоонун биринчи туру болсо, 28-майда экинчи туру болгон жана парламенттик шайлоо өткөн. Бул жолу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо болду. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 31-марттын кечинде добуш берүү жыйынтыкталгандан кийин элге кайрылуу жасады. Анда “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы максатына жетпей калганын, күтүлгөндөй жыйынтык болбогонун айтып, бирок шайлоону өттү деп тааныды.

«Шайлоолор демократиянын негизги үнү. Эл үнүн, эркин добушу менен жеткирет. Эл эч кандай кысым көрбөй, ачык, өз тандоосуна жараша добуш берүүсү демократияны туу туткан элибиздин эң чоң жеңиши. Башты бийик көтөрөбүз, башыбызды жерге салбайбыз. 31-март биз үчүн бүттү дегендик эмес, кайра жандануу учуру. Жыйынтыктарды эске албаганда бул шайлоонун ээси демократия же 85 миллион эл»-,деди Режеп Тайып Эрдоган

Бул жолку шайлоодо негизги атаандаштык оппозициячыл Элдик-республикалык партиянын жана бийликтеги «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын талпкерлеринин ортосунда болду.

Шайлоонунун алдын ала жыйынтыгы боюнча Түркиянын негизги шаарлары делген Стамбул, Анкара жана Измир шаарларында оппозициячыл Элдик-республикалык партиянын талапкерлери жеңишке жетти.

Шайлоого чейин президент Режеп Тайып Эрдоган бул жолку шайлоодо аталган шаарларда бийликчил «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын талапкерлери жеңүүсүнө үмүт арткан.

Ал эми саясат талдоочулар арасында «Стамбулду башкарган – Түркияны башкарат» деген сөз бар, мындан улам Стамбулда кайрадан оппозициянын женишке жетүүсү, бийликчил партияны бир топ мүңкүрөттү деген пикирлер айтылууда.

Стамбул шаарынын мэрлигине «Адилеттүүлүк жана өнүгүү»партиясынынан Мурат Курум талапкерлигин койсо, Элдик-республикалык партиясынан учурдагы мэр Экрем Имамоглу талапкерлигин көрсөткөн. Добуштарды алдын ала эсептөөгө караганда оппозициячыл Элдик-республикалык партиясынан чыккан Экрем Имамоглу 51.14%з менен алдыда келе жатат. Анын атаандашы Мурат Курум 39,59%з менен экинчи орунда.

Жалпы алганда оппозициячыл Элдик-республикалык партиясы 34 шаардын жергиликтүү бийлигин башкарат.

Түрк саясат талдоочулары буга чейин бийликчил партия алдыга чыгып келген Эскишехир, Адана, Бурса, сыяктуу шаарларда да оппозиция алдыга чыкканына көңүл бурууда.

Журналист, саясат талдоочу Мете Сонтаоглунун айтымында, бийликчил «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын ийгиликсиздигин кадр саясатынан улам деп эсептейт. Ошондой эле ал 2019-жылы өткөрүлгөн шайлоодо берилген убадалардын толук аткарылбай калганы менен байланыштырды.

«Бул жолку шайлоодо эмне үчүн бийликчил партия жеңилүүдө? “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынын уюштуруучулары ушул талапкер менен жеңишке жетебиз дегенине карабастан, жетекчилик башка талапкерди жеңет деп талапкерлигин көрсөткөндүгүндө болду.  Себеби көрсөтүлгөн талапкерлердин көпчүлүгү татыксыз болчу. Ошондой эле шайлоочулар тараптан да нааразычылык күчөдү десек болот. Анткени 2019-жылдагы шайлоодо айтылган убадалар толук аткарылган жок, эл күткөн жыйынтык болбой калды. Буга чейинки шайлоолордо да элди ннааразчылыгы байкалып жаткан, бирок бул жолкусу өтө каттуу болду».

Саясат талдоочу Алихан Лимонжуоглунун баамында өлкөдөгү экономикалык абал шайлоонун жыйынтыгына түздөн-түз таасирин тийгизди.

«Шайлоонуну жыйынтыгы эмне себептен мындай болгонунуна себеп болгон факторлор көп. Эң негизгиси экономикалык каатчылык болуп саналат. Стамбул шаарында баардык нерсе кымбаттады, ижара акысы, жашоо кымбаттап дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын катарына кирди. Экинчиси, коомчулукту ойлондурган көйгөйлөрдүн бири качкындардын маселеси чечилбей турат. Президент Режеп Тайып Эрдогандын, «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын кандайдыр бир планы бар, бирок эмнегедир эч ачык айтылбай жатат. Үчүнчүдөн, «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы шайлоодон жеңе турган жерлерден туура эмес талапкер коюп, жеңилип калды».

Кыргызстандык саясат талдоочу Айбек Теңизбаев оппозициячыл партиянын көпчүлүк аймакта жеңгени кийинки президенттик шайлоодо оппозициячылдардын утуу мүмкүнчүлүгү жогору экенине токтолду:

«Жергиликтүү шайлоонуну жыйынтыгын карай турган болсок, оппозициячыл партия 20 жылдан бери мындай көрсөткүчкө жете элек болчу. Алар көптөгөн шаарларды жеңди, анын арасында ар дайым бийликчил партия жеңип келген аймактарда бар. Түркияда сөз  бар «Ким Стамбулду жеңсе Түркияны жеңген болот» деген. Менимче,бул шайлоонуну жыйынтыгы келе жаткан президенттик шайлоого чоң чакырык, кийинки президенттик шайлоодо оппозициячыл партия жеңишке жете тургандыгын көрсөттү».

Ал эми Кыргызстан Түркияда болгон шайлоодон кандай сабак алуусу керек?

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин айтымында, Кыргызстанда да жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн эл шайлашы керек.

«Биз дагы Түркиядагыдай шаарлардын мэрлерин эл шайлай турган кылсак абдан туура болот. Анткени өзүнүн программасын айтат, атаандаштары менен жарышат. Дебатка чыгып атаандаштары менен шаардын көйгөүнайтып, аны чечүү жолдорун, шаарды өнүктүү пландары жөнүндө айтышмак. Эл ошого ишенип, барып шайламак. Азыр бир да мэрдин планынын, отчетун көрбөйсүң. Азыр Бишкек чоң эле айылга айланды, жолдору жарабай калган. Бишкек шаарында акыркы үч жылга жетпей эле 10го жакын мэр алмашты. Калаа тургундары мэрдин атын билбеген, тааныбыган учурлар да бар. Эгер эл өзү шайлаганда күчтүү, менеджер жаштар, талапкерлер келмек».

Түркиядагы шайлоого 61 миллиондон ашуун жаран добуш берген, алардын ичинен 2 миллионго жакыны жараксыз экени айтылууда. Добуш бергендердин саны мурдагы шайлоолорго караган 4 миллионго аз келгенин түрк саясатчылары билдиришүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM