Кечээ, 31-мартта Түркияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн шайлоо болуп өттү. Бул шайлоонун жыйынтыгы менен шаар мэрлери жана шаардык, айылдык кеңештин курамы аныкталат. Шайлоодо негизги атаандаштык оппозициячыл Элдик-республикалык партиянын жана бийликтеги»Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын талапкерлеринин ортосунда болду. Түркиянын негизги шаарларында шайлоодо оппозициячыл Элдик-республикалык партиясынын талапкерлери жеңди. Бийликчил «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы көпчүлүк аймактарда жеңилүүгө дуушар болду. Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу ири шаарларды эми оппозициячыл саясатчылар башкарат. Бул Түркияга кандай таасир берет? Бийликчил партия эмнеден жаза тайды? Түркиядагы шайлоонун жүрүшү жана андан Кыргызстан кандай сабак алышы керек?
«Шайлоолор демократиянын негизги үнү. Эл үнүн, эркин добушу менен жеткирет. Эл эч кандай кысым көрбөй, ачык, өз тандоосуна жараша добуш берүүсү демократияны туу туткан элибиздин эң чоң жеңиши. Башты бийик көтөрөбүз, башыбызды жерге салбайбыз. 31-март биз үчүн бүттү дегендик эмес, кайра жандануу учуру. Жыйынтыктарды эске албаганда бул шайлоонун ээси демократия же 85 миллион эл»-,деди Режеп Тайып Эрдоган
Бул жолку шайлоодо негизги атаандаштык оппозициячыл Элдик-республикалык партиянын жана бийликтеги «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын талпкерлеринин ортосунда болду.
Шайлоонунун алдын ала жыйынтыгы боюнча Түркиянын негизги шаарлары делген Стамбул, Анкара жана Измир шаарларында оппозициячыл Элдик-республикалык партиянын талапкерлери жеңишке жетти.
Шайлоого чейин президент Режеп Тайып Эрдоган бул жолку шайлоодо аталган шаарларда бийликчил «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын талапкерлери жеңүүсүнө үмүт арткан.
Ал эми саясат талдоочулар арасында «Стамбулду башкарган – Түркияны башкарат» деген сөз бар, мындан улам Стамбулда кайрадан оппозициянын женишке жетүүсү, бийликчил партияны бир топ мүңкүрөттү деген пикирлер айтылууда.
Стамбул шаарынын мэрлигине «Адилеттүүлүк жана өнүгүү»партиясынынан Мурат Курум талапкерлигин койсо, Элдик-республикалык партиясынан учурдагы мэр Экрем Имамоглу талапкерлигин көрсөткөн. Добуштарды алдын ала эсептөөгө караганда оппозициячыл Элдик-республикалык партиясынан чыккан Экрем Имамоглу 51.14%з менен алдыда келе жатат. Анын атаандашы Мурат Курум 39,59%з менен экинчи орунда.
Жалпы алганда оппозициячыл Элдик-республикалык партиясы 34 шаардын жергиликтүү бийлигин башкарат.
Түрк саясат талдоочулары буга чейин бийликчил партия алдыга чыгып келген Эскишехир, Адана, Бурса, сыяктуу шаарларда да оппозиция алдыга чыкканына көңүл бурууда.
Журналист, саясат талдоочу Мете Сонтаоглунун айтымында, бийликчил «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын ийгиликсиздигин кадр саясатынан улам деп эсептейт. Ошондой эле ал 2019-жылы өткөрүлгөн шайлоодо берилген убадалардын толук аткарылбай калганы менен байланыштырды.
«Бул жолку шайлоодо эмне үчүн бийликчил партия жеңилүүдө? “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынын уюштуруучулары ушул талапкер менен жеңишке жетебиз дегенине карабастан, жетекчилик башка талапкерди жеңет деп талапкерлигин көрсөткөндүгүндө болду. Себеби көрсөтүлгөн талапкерлердин көпчүлүгү татыксыз болчу. Ошондой эле шайлоочулар тараптан да нааразычылык күчөдү десек болот. Анткени 2019-жылдагы шайлоодо айтылган убадалар толук аткарылган жок, эл күткөн жыйынтык болбой калды. Буга чейинки шайлоолордо да элди ннааразчылыгы байкалып жаткан, бирок бул жолкусу өтө каттуу болду».
Саясат талдоочу Алихан Лимонжуоглунун баамында өлкөдөгү экономикалык абал шайлоонун жыйынтыгына түздөн-түз таасирин тийгизди.
«Шайлоонуну жыйынтыгы эмне себептен мындай болгонунуна себеп болгон факторлор көп. Эң негизгиси экономикалык каатчылык болуп саналат. Стамбул шаарында баардык нерсе кымбаттады, ижара акысы, жашоо кымбаттап дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын катарына кирди. Экинчиси, коомчулукту ойлондурган көйгөйлөрдүн бири качкындардын маселеси чечилбей турат. Президент Режеп Тайып Эрдогандын, «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын кандайдыр бир планы бар, бирок эмнегедир эч ачык айтылбай жатат. Үчүнчүдөн, «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы шайлоодон жеңе турган жерлерден туура эмес талапкер коюп, жеңилип калды».
Кыргызстандык саясат талдоочу Айбек Теңизбаев оппозициячыл партиянын көпчүлүк аймакта жеңгени кийинки президенттик шайлоодо оппозициячылдардын утуу мүмкүнчүлүгү жогору экенине токтолду:
«Жергиликтүү шайлоонуну жыйынтыгын карай турган болсок, оппозициячыл
Ал эми Кыргызстан Түркияда болгон шайлоодон кандай сабак алуусу керек?
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин айтымында, Кыргызстанда да жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн эл шайлашы керек.
«Биз дагы Түркиядагыдай шаарлардын мэрлерин эл шайлай турган кылсак абдан туура болот.
Түркиядагы шайлоого 61 миллиондон ашуун жаран добуш берген, алардын ичинен 2 миллионго жакыны жараксыз экени айтылууда. Добуш бергендердин саны мурдагы шайлоолорго караган 4 миллионго аз келгенин түрк саясатчылары билдиришүүдө.