Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн түштүк аймагында айдап-себүү иштери башталды

Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 132 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда жер айдоо иштери башталды.

Баткенде 5000 га аянт, Жалал-Абадда 13100 га, Ош облусунда 15500 га, Чүй облусунда 24700 га жана Талас облусунда 800 га аянт азоттук жер семирткичтер менен азыктандырылды.

Дыйкан жана фермерлер 128,6 миң га жер айдоо иштери жүргүздү, ошондой эле кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү иштери жогорку темпте жүрүүдө.

Буудай себүү иштери 27,4 миң гектар, арпа себүү иштери 51,4 миң гектерга аткарылды.

Мындан тышкары Ош облусунун Араван районунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак жана Базар-Коргон райондорунда, ошондой эле Чүй облусунда кызуу башталып, жалпы 1,8 миң га аянтка жашылча-жемиштер отургузулду.

Картошка отургузуу  иштери жалпы республика боюнча 2,4 миң га аянтка жүргүзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM