Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Эрдоганды шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 224 | 0

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу Түркияда өткөн муниципалдык шайлоонун жыйынтыгы боюнча сүйлөштү.

Садыр Жапаров Эрдоганды шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, кызматташтыкты улантууга даяр экенин белгилеп, кыргыз тарап түрк лидерин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келишин күтүп жатканын айтты.

Түркияда 31-мартта жергиликтүү шайлоолор өттү. 1-апрелге карата добуштардын 93% саналгандан кийин Республикалык элдик партия 37,4%, башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясы 35,7% добушка ээ болду.

Шайлоонун жыйынтыгы менен шаар мэрлери жана шаардык, айылдык кеңештин курамы аныкталат. Тактап айтканда, 81 облустун, 973 райондун жана 390 шаарчанын мэрлери аныкталат.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча, Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда оппозициянын талапкерлери алдыга чыкты. Ал эми бийликчил партия буга чейин алдыда болуп келген Бурса, Эскишехир шаарларында да оппозиция алдыда баратат. Ошол эле учурда ички Анадолуга кирген шаар жана шаарчаларда бийликтин партиясы өз позициясын коргогону айтылууда.

Шайлоо учурунда Түркиянын Диярбакыр провинциясында талапкерлердин тарапташтары ортосунда жаңжал чыгып, курал колдонулган. Натыйжада бир адам каза таап, 12 адам жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM