Биз менен байланышыңыз

Казакстанда суу каптаган аймактардан 12 миңден ашык адам эвакуацияланды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 292 | 0

Казакстанда суу ташкынынан улам элди коопсуз жайга көчүрүү иши өлкөнүн 12 облусунда өтүп жатат.  Түндүк, батыш жана чыгыштагы сел аймактарынан 12 миң 700 адам куткарылганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Алардын жарымына жакыны азыр убактылуу жайгаштыруу борборлорунда. Калгандары туугандарында. Көптөгөн жолдорду сел алып, 50дөн ашуун калктуу пункттар транспорттук байланышсыз калган.

Казакстанда 31-март күнү премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында селдин кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү.

Өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында кыйраган турак жайларды калыбына келтирүү иштерине жана курууга Казакстан өкмөтүнүн жана жергиликтүү аткаруу органдарынын резервинен каражат бөлүнөт.

Казакстандын бийлиги өзгөчө кырдаал аймактарында калкка жардам күнү-түнү көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Суу ташкынынан жапа чеккен аймактардагы мектеп окуучулары төртүнчү чейректи онлайн режиминде башташарын Казакстандын Билим берүү министрлиги билдирди. Жалпысынан 88 мектеп дистанттык окутууга өтүүдө.

Казакстандын батыш, түндүк жана чыгыш аймактарында аба ырайынын кескин жылышы жана жаан-чачындын кесепетинен көптөгөн калктуу пункттарды суу каптады. Суу ташкынына байланыштуу бир катар аймактарда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн жана акимдердин иш-аракетин шалаакылык жана кесипкөйлүктүн жоктугу үчүн кескин сынга алган.

Ал белгилегендей, өкмөт менен жергиликтүү аткаруу органдарынын ортосунда координация жок. Токаев жапа чеккен аймактардын тургундарынын жеке мүлкү ири өлчөмдө жоголгондугуна өкүнүчүн билдирди. Ал элден кечирим сурап, бардык жабырлануучуларга материалдык жардам көрсөтүлөөрүнө ишендирди.

Copyright © 2017 Maral FM