Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы жергиликтүү шайлоо: ири шаарларда оппозиция алдыга чыкты

Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 327 | 0

Түркияда 31-мартта жергиликтүү бийликти тандоо боюнча шайлоо болуп өттү.

Бул шайлоонун жыйынтыгы менен шаар мэрлери жана шаардык, айылдык кеңештин курамы аныкталат. Тактап айтканда, 81 облустун, 973 райондун жана 390 шаарчанын мэрлери аныкталат.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча, Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда  оппозициянын талапкерлери алдыга чыкты. Ал эми бийликчил партия буга чейин алдыда болуп келген Бурса, Эскишехир шаарларында да оппозиция алдыда баратат. Ошол эле учурда ички Анадолуга кирген шаар жана шаарчаларда бийликтин партиясы өз позициясын коргогону айтылууда.

Учурда добуш берүү 81 дубанда тең бүттү. Учурда добуштардын 50%га жакыны саналды.

Ал арада шайлоо учурунда Түркиянын Диярбакыр провинциясында талапкерлердин тарапташтары ортосунда жаңжал чыгып, курал колдонулган. Натыйжада бир адам каза таап, 12 адам жаракат алган.

 

Copyright © 2017 Maral FM