Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 28,37 чакырымы макулдашылды

Кыска кабар | 30 Мар 2024 | 190 | 0

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 24-мартынан 29-мартына чейин Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28,37 чакырымын макулдашты.

Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды аныктоо боюнча ишти улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM