Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту

Кыска кабар | 30 Мар 2024 | 170 | 0

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу 29-мартта Баткен облусунун Баткен шаарында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн Өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулоо менен эки мамлекеттин чек арасын аныктоодо олуттуу натыйжаларга жетишти, ошондой эле эки мамлекеттин ыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна бул багыттагы ишти улантуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Copyright © 2017 Maral FM