Биз менен байланышыңыз

Тайвань аскердик-деңиз флотунун башчысы АКШга барат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2024 | 288 | 0

Тайвандын аскер-дениздик флотунун башчысы келерки аптада АКШга расмий иш сапары менен барат. Анда аскердик иш-чарага катышат жана эки тараптуу аскер-дениздик келишимди активдештирүүнү талкуулайт. Бул тууралуу Рейтерс агенттиги жазды.

Тайвандын деңиз-аскер флотунун башчысы Тандын АКШдагы жолугушуулары Гаваи аралында өтөт.

8-10-апрелде Вашингтондо өтө турган “деңиз-аба-космос” аталышындагы конференцияга да катышат. Ошондой эле АКШнын аскердик-деңиз операцияларынын башчысы адмирал Лиза Франчетти менен жолугушаары күтүлүп жатканын бир катар эл аралык басылмалар жазды. Бирок эки тарап тең бул сапар тууралуу расмий ачыктоо жасаган жок.

Кытайдын түштүгүндөгү Тайвань менен АКШ расмий эмес түрдө алакасын жакшыртып келет. Пекин Тайвань аралын өзүнүн аймагы катары эсептейт. Тайвань Кытайдын территориялык дооматтарын четке кагып келет.

1949-жылы Кытайда жарандык согушта коммунисттерден жеңилген Кытай республикасынын өкмөтү Тайвань аралына качып, Кытай Эл республикасын негиздеген Мао Цзэдундун бийлигине каршы чыгышкан.

Акыркы жылдар Тайвань бийлиги Кытай жараткан коркунучтан улам өз армиясын күчтөп, деңиз флотун суу астында жүрүүчү кайыктар жана авиакөтөрүүчү (аскердик учак жана техникаларды алып жүрүүчү чоң кеме) куралдар менен камсыздоодо.

Акыркы жылдар аралыгында Кытай менен Тайвандын ортосундагы мамиле чыңалуу бойдон калууда. Өз кезегинде Кытай бир нече ирет Тайванга жакын жерде деңизде аскердик машыгууларын өткөргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM