Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык үч мушкер эл аралык турнирде коло утту

Кыска кабар , Спорт | 29 Мар 2024 | 449 | 0

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Рысбек Бектенов, Ооматбек Элчоро уулу жана Султан Асанкул уулу  Орусиянын Нижневартовск шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирде 3-орунду ээлешти.

Бектенов 60 кг чейинки салмакта 1\8 финалдан баштады. Эки беттеш өткөрүп жарым финалга чыккан. Ал эми финалга чыгуу үчүн беттеште орусиялык мушкерге жеңилип, жыйынтыгында коло медаль утту.

75 кг чейинки салмак ченинде Султан Асанкул уулу чейрек финалда орусиялык мушкерди жеңип, жарым финалда жеңилүү ызасын тартып, жыйынтыгында 3-орунду ээледи.

Ал эми 92 кг чейинки салмакта катышкан Ооматбек Элчоро уулу жарым финалдык беттеште орусиянын мушкери Павел Малаховскийге жеңилип калды. Жыйынтыгында 3-орунду ээледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM