Биз менен байланышыңыз

Жапаров: АКШ менен саясий диалогду өнүктүрүү — Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт

Кыска кабар | 29 Мар 2024 | 178 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Америка Кошмо Штаттарынын сенатору Стив Дэйнсти кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу саясий жана экономикалык өнөктөштүктү арттыруу, энергетика, транспорт, пайдалуу кендерди казып алуу жана айыл чарба тармагындагы келечектүү долбоорлор боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы Америка Кошмо Штаттары менен саясий диалогду өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи.

Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жалпы кызыкчылык экенин, ушуга байланыштуу, Кыргызстан C5+1 (Борбор Азия + АКШ) регионалдык диалог аянтчасынын ишине активдүү катышууну улантарын кошумчалады.

Мындан тышкары, кыргыз-америка парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүү тууралуу да сөз болду.

АКШ сенатору Борбор Азия регионунун стратегиялык маанисине басым жасап, региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосунда көп пландуу диалогду улантууну жактай тургандыктарын тастыкташты.

Copyright © 2017 Maral FM