Биз менен байланышыңыз

Финсабатка саякат: «Акча тапсаң – сакта, келечекке пайда»

Блог , Экономика | 29 Мар 2024 | 966 | 0

2024-жылдын 18-мартынан тартып 24-мартына чейин Кыргызстандын бардык аймактарында «Акча тапсаң – сакта, келечекке пайда» деген ураан менен Глобалдуу акча жумалыгы өттү.

Анын алкагында Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды жана тренингдерди өткөрдү.

Глобалдуу акча жумалыгы (Global Money Week) – бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания.

Адистер мындай курстар, окутуулар, тренингдер каржылык көндүмдөрдү калыптандырууда чоң жардам берерин айтып келишет.

Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын каржылык сабаттуулук бөлүмүнүн жетекчиси Кубаныч Мусуралиев каржылык көндүмдөрдү калыптандырууда тажрыйба керек экенин айтат.

Ал алгач теориялык билим алып, андан кийин аны калыптандыруу үчүн практика жүзүндө ишке ашыруу туура болорун белгиледи.

«Каржылык көндүмдөрдү калыптандырууда практика абдан чоң роль ойнойт. Анткени каржылык сабат билим алуу аркылуу жогорулайт. Ошондуктан билимди алуу гана эмес, аны практикада колдонуу, жашоого сиңирүү да маанилүү. Анткени ал билим ошондо пайдалуу болот. Дагы бир маанилүү нерсе бар: билимди колдонууда адамдын өзү менен өзү иштегени, ой жүгүртүүсүн тууралап алганы жакшыраак болот. Кээ бир учурларда адамдар көп акча жакшы эмес деп ойлошот. «Акча адамды бузат» деген сыяктуу ойлор болушу мүмкүн. Мындай ойлор адамдардын каржылык чечимдерди кабыл алышына тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ошол эле учурда адам өзүнүн жашоосуна өзү жоопкерчилик алып жатабы же өзүнө канчалык ишеними бар деген сыяктуу суроолор менен ой жүгүртүүсүн өзгөртсө, бул да каржылык көндүмдөрдүн калыптануусуна жардам берет. Булар туура чечим кабыл алууга да көмөк көрсөтөт».

Адистер каржылык көндүмдөрдү калыптандырууда жана акчаны туура пайдаланууда депозит ыкмасын да сунушташат. Финансисттер акчаны максаттуу пайдаланууда депозитке салып коюу туура чечим экенин айтышат.

Ал эми депозит деген эмне? Анын кандай пайдасы бар?

Кыргызстандын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев акчаны депозитке салуу кардарлар үчүн пайдалуу экенин белгиледи. Ал депозит түшүнүгүн төмөндөгүдөй чечмелеп берди.

«Депозит – бул жеке жана юридикалык жактын пайыз түрүндө киреше алуучу үчүн банкка берген акча. Кардарлар үчүн бул жерде кандай пайда бар? Банк депозиттин мөөнөтү бүткөндө кардарлардын акча каражатына кошумча пайыздарды эсептеп, төлөп берет. Бул кардарлар үчүн пайда деп эсептелинет. Мисалы кардар бир жылдык мөөнөткө жылдык 10% 1000 сом салсаңыз, бир жылдан кийин эсебиңизде 1100 сом болот».

Депозиттин кандай түрлөрү бар?

Депозит узак мөөнөттүү, орто жана кыска мөөнөттүү болуп бөлүнөт. Узак мөөнөттүү депозит каражаттарын 12 айдан узак убакытка, орточо мөөнөттүү 3 айдан 8 айга чейин, ал эми эң кыскасы 1 айдан 3 айга чейин ачылат. Мөөнөттүү депозиттер боюнча кардар менен банк ортосунда белгилүү бир убакытка чейин келишим түзүлөт. Мындай депозиттер боюнча пайыздар жогору болот. Кемчилиги каражатты алуу үчүн келишимди бузууга туура келет. Кардар мындай шартта пайыздын көбүрөөк бөлүгүн албай калышы мүмкүн. Кээ бир банктарда аралаш жолдору да бар. Ошондой эле мөөнөтсүз депозиттер бар. Мөөнөтсүз депозиттер боюнча пайыз эсептелбейт жана кошулбайт. Эгер кошулса азыраак эсептелинет. Акчаңызды каалаган убакта ала аласыз.

Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев Кыргызстанда каражатын депозитке салгандар көбөйүп жатканын белгиледи.

«2023-жылдын жыйынытыгы боюнча карасак, банктарда депозити бар кардарлардын саны 32,7 пайызга көбөйдү. Жеке жактардын эсебин айта кетели, 2023-жылдын башында эсептердин саны 5 млн 290 миң 320 болсо, жылдын аягында бул эсептердин саны 7 млн 19 миң 412ге жетти. Каражатын депозитке салгандар көбөйдү».

Акчаны депозитке салгандан кийин канча мөөнөттө алса болот жана пайыздары кандай?

Эгерде депозитиңиз мөөнөттүү депозит болсо, мөөнөтү бүткөндө акчаңызды пайызы менен алганыңыз жакшы. Эгер турмуш шартка байланыштуу мөөнөтү бүткөнгө чейин ала турган болсоңуз, анда банкка арыз менен кайрылышыңыз керек. Банк өзү карап чыгып, пайызды азайтуу менен төлөп бериши мүмкүн. Төлөп бербей да коюшу мүмкүн. Бул келишимдеги шарттарга жараша болот. Ал эми мөөнөтсүз депозиттер боюнча депозитти каалаган убакта алсаңыз болот.

Өлкөдө ислам каржылоо принциптери менен акчасын депозитке салгандар да бар.

Ислам каржылоо системасы — ислам экономикасынын бир бөлүгү. Ал адатта «пайызсыз система» деп аталып, иш жүзүндө ислам укугунун башка тармактарын да өзүнө камтыйт.

Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев Кыргызстанда ислам каржылоо принциптерине туура келген депозиттер бар экенин айтты.

«Азыркы күндө Кыргызстанда ислам принциптери менен депозиттерди кабыл алган банктар бар. «ЭкоИсламикБанк», «Мбанк», «Бакай» банктары ислам принциптери менен депозиттерди кабыл алышат».

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев ислам дининде мудараба аркылуу депозитке акча салса болорун белгиледи.

«Бүгүнкү күндө мудараба аркылуу депозитке акча салып жатышат. Исламдык каржылоо принциптерине ылайык болот. Биздин Ислам финансы борборунда атайын депозит ачканбыз. Пенсия курагындагылар келет, соодагерлер белгилүү бир акчасын салып коюшат. Эки пайыз менен көбөйүп турат. Аны пайыз деп атоодон алысмын. Ал акчаңыз адал соодаларга иштетилет, айланат. Ошонун эсебинен пайда көргөндөр банктын убада кылган келишиминин негизинде пайданы көрө баштайт. Бирок пайдасына да, зыянына да тең ортоктош болушу керек деген маселе бар».

Акчаны депозитке салууда ар бир кардарды коопсуздук жагы ойлондурбай койбойт. Каражатты депозитке салуу канчалык ишенимдүү? Коопсуздук жагы кандай каралган? Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев бул суроолорго төмөндөгүдөй жооп берди.

«Азыркы күндө Кыргызстанда 23 коммерциялык банк жана «СалымФинанс» микрокредиттик компаниясы депозиттерди кардарлардан кабыл алат. Акыркы 10-15 жылда бири дагы банкрот болуп жабылган жок. Улуттук банк бул банктарды катуу көзөмөлдөйт. 2008-жылдан бери Кыргызстанда депозиттерди коргоо боюнча мыйзам иштейт. Кардарларга бул мыйзам кепилдик берет. Эгер банк жабылып калчу болсо, мыйзам боюнча 30 күндүн ичинде Кыргызстандын депозиттерди коргоо боюнча агенттиги ошол банктын кардарларынын депозиттеги акчаларын төлөп берет. 1 млн сомго чейинки суммалар төлөнөт».

Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин маалыматына караганда бүгүнкү күндө банктарда депозиттерди кабыл алуу боюнча ар кандай шарттар бар.

Көпчүлүк банктарда мөөнөтсүз депозит боюнча чектөөлөр жок. Каалаган сумманы кабыл ала беришет. Кээ бир банктарда чектөө бар. Алар 2000, 5000, 7000 сомдон жогору алышы мүмкүн.

Ал эми мөөнөттүү депозиттер боюнча шарттар ар бир банкта ар кандай. Айрым банктарда ченем коюлган, айрымдарда жок.

Өткөн жылдын башында Президент Садыр Жапаров «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 26-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты президентинин 2022-жылдын 10-августундагы № 281 «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо функцияларын берүү менен кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу.

Мыйзамда банк тарабынан чыгарылган адамдардын жана жеке ишкерлердин ээлигинде турган электрондук акчаларды аманат деген аныктамага киргизүү жолу менен депозиттерди камсыздандыруу алкагын кеңейтүү каралат.

Ошону менен бирге, мыйзамда көзөмөл жүргүзүү органы тарабынан лицензияны кайтарып алгандан тартып, кепилдик учур келерин, ошондой эле Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин тобокелдик-менеджменти, ички аудит кызматтары жана корпоративдик катчысы Директорлор кеңешинин карамагына өтүүсүн караган ченемдер белгиленүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM