Биз менен байланышыңыз

Москвадагы кол салуу. Жабыркагандардын тизмесинде Кыргызстандын жарандары жок

Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 288 | 0

Тышкы иштер министрлиги “Крокус сити холл” концерттик залында болгон кол салуудан улам жабыркагандардын тизмесинде 28-мартка карата Кыргыз Республикасынын жарандары жок экендигин билдирди.

Ошол эле учурда Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери Красногорски шаарындагы медициналык мекемеге жабыркап түшкөн Орусиянын жарандыгын алган жашы жете элек этникалык кыргыз Б.К.га барып, ден соолугунан кабар алышкан. Учурда анын ден соолугу жакшы болуп, үйүнө чыгарылды.

“Крокус Сити Холлдогу” кол салуудан кийин издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын эки жаранына карата мурда дайындалган генетикалык экспертизанын жыйынтыгы азыркы учурда чыга элек.  Элчилик ал жарандардын ата-энелери менен тыгыз байланышта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM