Биз менен байланышыңыз

Матраимовдордун кармалышы. УКМК билдирүү таратты

Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 220 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 28-мартта Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат берди.

Райымбек Матраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана 222-беренеси “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” белгилери  боюнча иш тергелүүдө.

«Бир тууган Матраимовдордун кармалышы боюнча интернет жана  социалдык тармактардын кыргыз сегментинде деструктивдүү адамдар жана фейк аккаунттар тарабынан алардын кылмыштуу ишин актоо боюнча жалган маалыматтарды жайылтуу фактылары байкалууда. Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн имиджине, прогрессивдүү өнүгүшүнө жана туруктуулугуна коркунуч алып келет» , — деп айтылат маалыматта.

УКМК интернет колдонуучуларын бул факт боюнча чагымчыл маалыматтарды жайылтуудан алыс болууга чакырат, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян алып келиши мүмкүн болгон аракеттер үчүн кылмыш жана башка жоопкерчиликтер каралганын эскертет.

25-мартта Бакуда кармалып, Бишкекке жеткирилген Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын каралып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 26-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Copyright © 2017 Maral FM