Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коомдук транспорттун контролеруна кол салуу болду

Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 300 | 0

Бүгүн, 28-мартта эртең менен коомдук транспортту текшерүү учурунда №169 автобустук каттамдын жүргүнчүлөрүнүн бири контролерго оозго алгыс сөздөрдү айта баштаган. Жүргүнчү жол кире акысы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан.

Кырдаал сүйлөшүүнүн чегинен чыгып, коомдук транспорттун кызматкерине кол көтөрүүгө жеткен.

Жүргүнчү контролерду бетке бир нече жолу уруп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Кол салуунун натыйжасында коомдук транспорттун кызматкери бетинен жараат алган. Учурда алган жаракаттарынын оордугу медициналык текшерүүлөр аркылуу аныкталып жатат.

«Тулпар» компаниясынын өкүлүнүн айтымында, укук коргоо органдары кол көтөргөн жаранды издөө жана кармоо боюнча активдүү иш-аракеттерди баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM