Биз менен байланышыңыз

Эмгек министрлиги Орусиядагы мигранттарга кайрылды

Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 144 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү социалдык тармактар жана Telegram сыяктуу мессенжерлер аркылуу жарандарды, жашы жете элек балдарды Орусиянын аймагында террордук актыларга катышуу үчүн активдүү жалдоо жүрүп жатканын эскертет.

Жалдоочулар негизинен таанышуу сайттары аркылуу иштешип, аялуу адамдарга, депрессияга кабылган же кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылган адамдарга, диний, маданий, улуттук жана башка социалдык багыттар боюнча ар кандай топтордогу кат алышууларды талдоо аркылуу жабырлануучуларды аныктоодо.

Өкүлчүлүк Орусиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды ар кандай чагымдарга алдырбоого, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, ар кандай акцияларга катышпоого, ошондой эле балдарды көзөмөлдөөгө чакырат.

Ошол эле учурда террордук актыга катышуу Орусиянын кылмыш-жаза мыйзамдары менен өмүр бою эркинен ажыратылганга чейин жазаланарын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM