Биз менен байланышыңыз

Мушкер Санжар Сейдакматов эл аралык турнирде коло медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 28 Мар 2024 | 374 | 0

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Санжар Сейдакматов  Азербайжандын борбору Бакуда  өтүп жаткан “Улуу Жибек Жолу” аталышындагы эл аралык мелдеште коло медаль утуп алды.

Атамекендик спортчу 57 кг чейинки салмакта 1\4 финалдык баскычтан баштады. Биринчи раундда тажикстандык Мухаммадали Хасановду нокаутка кетирип, 1\2 финалда өзбекстандык Худойназар Фаизов аттуу мушкерге 2:3 эсеби менен жеңилип 3-орунду камсыздай алды.

Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарында 24-мартта башталган эл аралык турнир 29-март күнү жыйынтыкталат. Ага 11 өлкөдөн (Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Орусия, Польша, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Иран, Италия, Пакистан жана Венгрия) 120 спортчу катышууда.

Кыргызстандын атынан 5 мушкер катышты. Эркектер арасында 13 салмакта ченинде, ал эми кыз-келиндер арасында 5 салмакта беттештер өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM