Биз менен байланышыңыз

Индия Мьянма менен чек арасын тосууга 3,7 млрд доллар жумшайт

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 251 | 0

Индия аткезчиликти токтотуу жана башка  мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алуу максатында Мьянма менен чектешкен 1,610 чакырым чек арасын болжол менен он жылдын ичинде тосууга дээрлик 3,7 миллиард доллар коротууну мерчемдөөдө.

Нью-Дели ушул жылдын башында Мьянма менен ондогон жылдар бою уланып келе жаткан визасыз жүрүү саясатын токтоторун билдирген. Муну улуттук коопсуздукту сактоо жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы демографиялык түзүлүшүн сактап калуу зарылчылыгы менен түшүндүргөн.

Индиянын өкмөтү чек арага курула турган тосмонун жалпы бюджетин ушул айдын башында атайын комитетте бекиткен. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты.

2021-жылы Мьянмада аскердик төңкөрүш болгон. Андан бери миңдеген жарандар жана жүздөгөн аскерлер Индия аймагына качкын болуп келүүдө. Индиянын жана Мьянманын чектеш аймагында этникалык жана үй-бүлөлүк байланыштары болгон эл жашайт. Мындан улам, Индия бийлиги Мьянмадагы саясий толкундоолор өз өлкөсүнө таасир бербеши үчүн ушундай кадамга барууда. Анткени кошуна өлкөдөгү жамааттык тирешүү Индияга жайылып кетүү коркунучу бар деп эсептейт.

Буга чейин Индия 2020-жылы Бангладеш менен чектешкен тилкесине тосмолорду орноткон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM