Бишкек мэриясы коомдук транспортко жол кире төлөөдө мобилдик тиркеме колдонгон жарандарга акция өткөрүүнү улантууда.
Маалыматка караганда, «Компаньон» банкынын тиркемесин колдонсо жол кире 10 сом болот. Жаран транспортко түшкөндө Tulpar QR-кодун сканерлеши керек.
Бул акция 2024-жылдын 10-июнуна чейин күчүндө болот.
Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире үчүн накталай эмес төлөм системасы иштейт.
— троллейбуста — 17 сом;
— автобуста – 17 сом;
— микроавтобустарда – 20 сом;
— жол кире акысын накталай төлөгөндө валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда — 20 сом.