Биз менен байланышыңыз

Каракол: «Бугу» жана «Макиш» соода жайынын ээси кармалып, мүлкү мамлекетке өттү

Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 107 | 0

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода жайынын ээси Р.А.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган базардын ээси өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал көп убакыттан бери аталган базарларда иш жүргүзгөн ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, бирок пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө каржылык ишмердүүлүктө көптөгөн мыйзам бузуулар такталган. Натыйжада мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ыктыярдуу турдө Каракол шаарынын мэриясынын балансына, аянты 1,14 гектар, наркы 233 млн сомдон ашык «Макиш» жана «Бугу» соода базарлары өткөрүлүп берилди.

Ишкер Салимовдун уулу жана «Мадина» базарынын коопсуздук кызматынын башчысы кармалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM