Биз менен байланышыңыз

Ишкер Салимовдун уулу жана «Мадина» базарынын коопсуздук кызматынын башчысы кармалды

Кыска кабар | 27 Мар 2024 | 276 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун  уулу С.И.Т. жана «Мадина» соода борборунун коопсуздук кызматынын башчысы С.К.А. кармалганын кабарлады.

Ишкердин уулу кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден опузалап акча алгандыгын билип туруп, кылмыштуу кирешелерди адалдоо, Көлбаевдин кылмыштуу каражаттарын кыймылсыз мүлккө салуу боюнча аракеттерди жүргүзгөндүгү аныкталган.

Аны менен бирге «Мадина» соода комплексинин коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп турган К.С. да Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен тил табышып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп келген.

Ал 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлүп, Көлбаевдин квотасы боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесине киргизилген. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

«Мадина» базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов 25-мартта абактан бошотулган. Алдын ала маалыматтарга караганда, Салимов мамлекетке убада кылынган 20 миллион доллардын 15 миллион доллар өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM