Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимов 26-апрелге чейин камакка алынды

Кыска кабар | 27 Мар 2024 | 175 | 0

Бүгүн, 27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна Бакуда кармалып, Бишкекке жеткирилген Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын карады.

Соттун чечими менен ал 26-апрелге чейин  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Матраимовдун жактоочулары комментарий берүүдөн баш тартышты. Матраимов өзү да журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.

Райымбек Матраимовго УКМК тарабынан 2024-жылдын 26-январында издөө жарыяланган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) жана 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”) менен кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат 2021-жылы ага «коррупция» беренеси менен иш козгогон. Бул иш боюнча сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып төлөөгө милдеттендирген. Матраимов да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төгүп берген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин «Матраимов мафиясы» болбой турганын эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM