Бала бакчаларда мамлекеттик тилди үйрөтүүгө басым жасалат. Кыргыз жана орус тилдүү тайпаларда бирдей 50 пайыздык деңгээлде окутула баштайт. Айрым адистер балдардын кыргыз тилинде сүйлөбөй жатканынын бир себеби, кыргыз тилин окутуу методикасынын заманга дал келбегендигинде экенин белгилейт. Ал эми бакча жетекчилери ата-энелер да, кыргыз тилинде сүйлөп, балдарды көндүрүү керектигин айтышат.
Бишкек шаарынын тургуну Гүлзада Эмилбекова, бакчадагы балдардын кыргыз тилинде сүйлөбөй жаткандыгы бир топ ата-энени түйшөлтүп келгенин айтат. Ал бакчада кыргыз тилин окутуунун методикасын өзгөртүү керек деген пикирде. Себеби, азыр кыргыз тилдүү бала бакчага баргандар да эне тилин жакшы өздөштүрбөй жатат.
«Балабызды кыргыз тилдүү бала бакчага берели деп абдан убара тарттык. Айла жок орус тилиндеги бакчага барып калдык. Такыр кыргызча сүйлөбөй калганынан кайра кыргыз тилдүү бала бакчага берип жатабыз. Бир жылдай болду барып жатканына, дагы деле толук кыргыз тилинде сүйлөп кете элек. Анча-мынча сөздөрдү эле айтып жатат. Кыргыз тилин окутуу методикасын өзгөртүү керек деп ойлойм. Заманга жараша, кызыктуу жеңил болсо, өздөштүрүү бат болот деген ойдомун. Балдарды кыргызча сүйлөтө албай чынында убара тартуудабыз».
Көз карандысыз эксперт Мырза Каримов бала бакчада кыргыз тилин окутуунун усулдарын замандын талабына жараша өзгөртүү керек деген ойдо.
«Кыргыз тилин окуткан мугалимдерди окутуу керек. Алар жаңы метод менен сабак өткөндү үйрөнүүсү зарыл. Мугалимдерге жаңы методиканы үйрөтүүнү кааласак жогорку окуу жайлардагы окуу системасын өзгөртүшүбүз керек болот. Балдардын кыргызча үйрөнө албай жатканы, тилди оор жеткирип жатканыбызда. Балдарга болшунча жөнөкөй, жалпак тилде үйрөтсөк кабыл алусуу жакшы болот».
Билим берүү жана илим министири Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда жашаган ар бир жаран мамлекеттик тилин билүүгө мидеттүү экенин айтып, бул кадам башка улуттун өкүлдөрүнө карата бөлүп-жаруу эмес экендигин белгиледи.
«Кыргыз тили эми бала бакчаларда кыргыз жана орус тилдүү тайпаларда параллелдүү 50 пайыздык, пропорциялуу окутулат. Акырындык менен ишке ашат. Бул туралуу конституциялык мыйзам кабыл алынган. Кыргызстанда жашаган ар бир жаран кыргыз тилин билүүгө милдеттүүбүз. Ал аркылуу саясатта, илимде жана бизнесте ийгиликтүү болууга шарт түзүлөт. Кыргыз тилин билбесе бул абдан кыйын болот. Мисалы, Германияда чет жерден келген жаран немис тилин билүүсү милдеттүү. Эң демократиялуу АКШда да, англис тилин билүү зарыл. Биз кыргыз тилин окутууну толугу менен өзгөртүп, эң мыкты методикаларды колдонушубуз керек. Бул жеткиликтүү жана практикага багытталган болушу керек», — деди Догдуркул Кендирбаева.
Бишкектеги кыргыз тилдүү бала бакчалардын биринин жетекчиси Жазгүл Сабырованын айтымында, балдардын кыргыз тилинде сүйлөшүнө ата-эне да салым кошушу керек. Тактап айтканда, балдарды бакчада кыргызча окутуп, ойноткон менен үйгө барганда ата-энеси орус тилинде сүйлөп жатат. Ата-эне үйдөн бала менен эне тилинде сүйлөшпөсө, баланын кыргыз тилди өздөштүрүүсү кыйын.
«Биздин бала бакчанын кыргыз тилди окутууда атайын иштелип чыккан методикасы бар. Мугалимдер окутууда жаңы ыкмаларды үйрөнуп турушат. Бирок, биз бакчада кыргыз тилинде окутканыбыз менен айрым ата-энелер үйдөн орус тилинде баарлашат. Ошондуктан балдардын мамлекеттик тилде сүйлөтүүгө жапа тырмак киришүүбуз керек».
Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мектепте 4-классты бүткөнгө чейин бир гана кыргыз тилинде окутууну сунуштаган.