Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлгө 5 миллиондон ашуун чабактар кое берилди

Кыска кабар | 27 Мар 2024 | 204 | 0

Балык чарба департаменти тарабынан Ысык-Көлгө форель гегаркуни балыгынын 445 миң даана чабактары жана сига-лудога балыгынын 5 миллион 750 миң даана чабактары кое берилди.

Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калганын айыл чарба министрлиги билдирди.

«Тоң балык өстүрүүчү заводу» мамлекеттик ишканасына инкубациялоого сига-лудога балыгынын 19,85 млн даана уруктанган икрасы жана 720 миң даана Ысык-Көл форель гегаркуни балыгынын икрасы салынган.

Икраны инкубациялоо 100-130 күн созулат. Жаңыдан жарылып чыккан балыктын личинкалары жашоого жарамдуу абалга чейин өстүрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM