Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: Талапкер болууну каалагандар 26га жетти

Кыска кабар | 27 Мар 2024 | 241 | 0

Бүгүн, 27-мартка карата №7 Ош бир мандаттуу округунан депутаттыкка талапкер болууга арыз бергендердин саны алтыга жетти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Авазбек Абдугапаров, Абдивали Балтабаев, Максатбек Маматкулов, Бекмурза Эргешов, Бекболот Арзибаев, Турсунбай Бакир уулунан арыз түштү.

Мындан тышкары, №9 Кара-Суу шайлоо округунан жана №2 Баткен шайлоо округунан ондон талапкер бар.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 28-мартка жылдырылды.

Copyright © 2017 Maral FM