Биз менен байланышыңыз

АКШ Израилди Рафахка чабуул жасабоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2024 | 273 | 0
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жана Израилдин коргоо министри Йоав Галлант

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин 26-мартта Израилди Газанын түштүгүндөгү Рафахка  каршы кургактан ири чабуул жасоо пландарынан баш тартууга үндөдү. Бул тууралуу Вашингтон пост басылмасы жазды.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант менен Пентагондо болгон сүйлөшүүлөрдө Остин Израилдин ХАМАСка каршы кандуу аскерий жообунан улам палестиналыктар ачарчылыктан жана түрдүү оору, жарааттардан жапа чегишүүдө, деп билдирди.

Остин Израилди Газадагы карапайым адамдар менен согушкерлерди айырмалай албаганынан 32 миң адам набыт болгонун айтып, Рафах шаарына ири аскерий чабуулга азыраак кыйратуучу альтернативаларды кабыл алууга үндөдү.

АКШнын коргоо министри Остин сөзүнүн аягында АКШ Израилди колдой турганын жана Хамаска каршы күрөшүү максатын кайталады. Ал 7-октябрдагы чабуулдан кийин Израилге эки жолу барганын белгиледи.

«Америка Кошмо Штаттары Израилдин эң жакын досу жана бул өзгөрбөйт» , — деди Остин.

Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Газада ок атышууну токтотууга чакырган резолюциясынын өтүшүнө уруксат берген АКШнын чечимине кийин, Вашингтонго визитин күтүүсүздөн токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM