Биз менен байланышыңыз

УКМК Матраимовдордун кармалышы боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 27 Мар 2024 | 280 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 27-мартта Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышы боюнча маалымат таратты.

УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте 25-мартта Азербайжандын аймагында Райымбек Матраимов эл аралык издөөдө кармалып, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келингенин билдирди.

Ошондой эле аны менен бирге Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинди.

«Райымбек Матраимов мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен, мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн» , — деп айтылат маалыматта.

Райымбек Матраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча иш тергелип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM