Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимов Бакудан Бишкекке алып келинди

Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 494 | 0

Буга чейин эл аралык издөө жарыяланган Райымбек Матраимовду УКМК Кыргызстанга алып келгени айтылды.

Ал эми анын бир туугандары экс-депутат Искендер Матраимов, экс-аким Тилек Матраимовду да Бакуда кармалганы айтылып жаткан. Бирок Искендер Матраимовго таандык делген Фейсбук баракчада анын Дубайдан Бишкекке карай учуп жатканы тууралуу сүрөт жана маалымат чыкты.

Буга чейин УКМК Райымбек Матраимов Азербайжандын баш калаасы Баку шаарында экенин жана аны экстрадициялоо маселеси каралып жатканын билдирген болчу.

Социалдык тармактарда Flightradar порталындагы маалыматтар да жарыяланууда. Анда кыргыз өкмөтүнө таандык делген учак «Манас — 2» аэропортуна саат 20.00дө конгонун көрүүгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM