Биз менен байланышыңыз

Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү кайра эсептелди

Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 96 | 0

2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болгон окуялардын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулагандыгына байланыштуу кайра эсептөө жүргүзүлдү.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөкпулдардын бул түрүнүн өлчөмү 3 700 сомдон 4 500 сомго чейин көбөйтүлгөн.

Ушул жылдын март айында 20 алуучуга ведомство кайра эсептөө менен 186,9 миң сом төлөп берген.

2002-жылдын 17-мартында Нарындагы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине жана ошол кездеги бийликтин бул кадамына каршы чыккан Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына нааразы болгон эл Аксыдан Бишкекке жөө жүрүш жасаган. Аларды токтотуу үчүн Боспиек айылынан күч түзүмдөрү тосуп чыгып, эки тараптын кагылышынан 6 адам каза таап, 70тен ашык адам ар кандай жараат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM