Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан БУУнун Газадагы ок атууну токтотуу резолюциясын жактайт

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 245 | 0

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча резолюциясын кубаттайт.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты. Кыргызстан аталган чечим жакынкы аралыкта ишке ашарына ишеним билдирди.

“Кыргыз Республикасы согуштук аракеттерди мүмкүн болушунча тезирээк толук токтотуу жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризисти жөнгө салуу, саясий диалогдун башталышы, Палестина маселесин тынчтык жолу менен чечүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук кеңешинин күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайт” , — деп айтылат билдирүүдө.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 25-мартта Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга чакырган резолюция кабыл алды. Резолюция БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү тарабынан сунушталды. Анда ок атууну токтотуу ошондой эле барымтадагыларды токтоосуз жана шартсыз бошотууга чакырат.

Айрыкча, АКШ бийлиги Газада жай тургундардын өлүмү көп катталып жатканынан улам Израилди сынга алды. Газа тилкесинин Хамас көзөмөлдөгөн саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Газада согуш башталгандан бери 32 миңден ашуун адам набыт болду, алардын көбү аялдар жана балдар.

АКШ ошондой эле Израилди Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн коридор ачууга чакырды, анткени тилкенин бүтүндөй калкы ачарчылыкка дуушар болууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү Израилди Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө тоскоолдук кылууда деп айыптады. Бирок Израилдин бийлиги БУУнун агенттиктери азык-түлүк бөлүштүрүүнү камсыздай албаганын айтууда.

Copyright © 2017 Maral FM