Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга жасалма интеллект жана IT боюнча орусиялык адистер келет

Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 131 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Яндекс» бизнес тобунун жетекчиси Даниил Шулейко жетектеген делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда салык тууралуу сөз болуп, Акылбек Жапаров мамлекет салыктарды ак ниеттүүлүк менен төлөгөн инвесторлорго өнүгүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин айтты.

Ал учурдагы колдонуудагы тиркемеге айдоочулар үчүн автоматташтырылган салыктык отчеттуулук функциясын киргизүүнү сунуштап, тиешелүү маалыматтарды салык органдарына автоматтык түрдө берүү зарылдыгын белгиледи.

Даниил Шулейко өлкөнүн дээрлик ар бир жетинчи тургуну Яндекстин кызматын колдоноорун жана бүгүнкү күндө 100 миңден ашык айдоочу Yandex Go платформасында иштей турганын айтты.

Мындан тышкары, ата мекендик маалымат рыногу менен консультацияларды өткөрүү үчүн жасалма интеллект жана IT чөйрөсүндөгү алдыңкы орусиялык адистердин тобунун өлкөгө сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM