Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан- Кытайлык Тайбэй оюнуна байланыштуу айрым көчөлөр жабылат

Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 173 | 0

Бүгүн, 26-мартта Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй курама командаларынын футболдук беттешине байланыштуу Бишкекте эки көчө жабылат.

Маалыматка караганда, саат 14.00дөн баштап оюндун аягына чейинТоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзеге чейин, Фрунзе көчөсү Манас проспетисинен Панфиловго чейин жабык болот.

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасы менен оюн өткөрөт.

Оюн кечки саат 20:00дө башталат. Буга чейин Кыргызстан Кытайлык Тайбэй командасын 2:0 эсебинде утуп алган.

Оюндар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын Азия аймагы боюнча тандоо раундунун алкагында өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM