Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: Талапкерлердин документтерин кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 28-март

Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 168 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн көрсөтүүнү каалаган жарандарга документтер 28-мартка чейин кабыл алынарын эскертет.

25 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү өзүн-өзү көрсөткөн учурда же шайлоо комиссиясынын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

Талапкер өзүнүн жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн коет.

Талапкер бир гана шайлоо округунан көрсөтүлүшү мүмкүн.

Талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди берүү 31-март саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Үч райондо шайлоо 28-апрелде өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM