Биз менен байланышыңыз

Москвадагы кол салуу: Министр Кулубаев Сергей Лавров менен сүйлөштү

Кыска кабар | 25 Мар 2024 | 185 | 0

Бүгүн, 25-мартта Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министр «Крокус Сити Холлдогу» терактын кесепетинен курман болгондорго көңүл айтты.

Кулубаев бул окуяны кескин айыптап, эл аралык терроризмге каршы күрөштө бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

Орусия министри Лавров кыргыз тарапка колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар байланыштарды улантууга жана тиешелүү маалымат алмашууга макулдашышты.

22-март күнү кечинде Москванын жанындагы Красногорск шаарындагы Crocus City концерт залында атышуу болуп, өрт чыккан. Залга бир нече адам кирип келип, адамдарга карай ок атып, күйгүзүүчү бомбаларды ыргытышкан.

Тергөө комитетинин акыркы маалыматы боюнча 137 адам каза болсо, анын үчөө жаш бала. Жараат алгандардын саны 187 киши.

Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган. Кылмышка айыпалгандар кармалган. Алар Тажикстандын жарандары болуп чыккан. Өлкө президенти Владимир Путиндин айтымында, бул иш боюнча жалпысынан 11 адам кармалган.

Орус бийлиги Крокус Сити Холлдогу теракттан кийин мигранттарды көзөмөлдөө чараларын күчөтүүнү карап жатат. Бул туурауу РИА Новости маалымат агенттиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булагына таянып билдирди.

«Мигранттардын агымы терроризмден башка маселе, ал акыркы жылдары мамлекеттик органдар тарабынан системалуу түрдө каралып келген. Кеп мигранттардын мыйзамдарды сактоосуна көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө болуп жатат », — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM