Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: Ош округунан бир талапкер арыз берди

Кыска кабар | 25 Мар 2024 | 140 | 0

25-мартка карата №7 Ош бир мандаттуу округунан депутаттыкка талапкер болууга бир кишиден арыз түштү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Авазбек Абдугапаровдон арыз түштү. Ал сайттагы маалымат боюнча, убактылуу иштебейт.

Мындан тышкары, №2 Баткен шайлоо округунан тогуз, №9 Кара-Суу шайлоо округунан сегиз киши депутаттыкка талапкер болууга арыз берген.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген депутат Айбек Осмоновдун мандатын алган.

Copyright © 2017 Maral FM