Биз менен байланышыңыз

Монголияда жуттан миллиондогон мал кырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2024 | 199 | 0

Монголияда 5 миллион 222 миң 950 баш мал кырылганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы башкармалыгы билдирди.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, Монголияда ачкачылыктан жана сууктан көп сандаган жаныбар кырылууда.

Малдын өлүмүнүн эң жогорку көрсөткүчү Монголиянын Сух-Батор, Хэнтий, Дорногов, Архангай, Тов жана Дундгов облустарында катталган.

Тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын аягына карата Монголияда малдын жалпы саны 9,1%га кыскарып, 64,7 млн ​​башты түзгөн.

Мал чарбачылык Монголиянын негизги экономикалык тармактарынын бири, ошондой эле өлкөнүн көчмөн калкынын дээрлик 40% мал чарбачылык менен алектенет.

БУУнун эсеби боюнча акыркы 80 жылда Монголияда орточо жылдык температура 2,46 градуска жогорулаган. Аймак жай ысып, кургакчыл болуп, кышы суук болуп, кар жаап, адамдарга жана малга өтө ыңгайсыз шарттар түзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM