Биз менен байланышыңыз

Быйыл «Социалдык келишимдин» алкагында аарычылыкка басым жасалат

Кыска кабар | 25 Мар 2024 | 155 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Чүйдүн Сокулук районунда быйыл «Социалдык келишимге» катыша турган жарандар менен жолугушуу уюштурду. Министрлик быйыл бал аарычылыгына басым жасаларын жана учурда аталган келишимдин алкагында аарычылык багытында 144 бизнес-долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди.

Буга чейин кулпунай, малина өстүрүү, майда жандыктар, балык, тоок багуу, ошондой эле аарычылык багытты өнүктүрүү боюнча окутуу иштери жүргүзүлгөн жана бизнес-долбоорлорду жазуу боюнча багыттар берилди.

Бул иш-чара Айыл чарба министрлиги жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте уюштурулду.

Мындан тышкары, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) социалдык контракт алуучу жарандарга финансылык сабаттуулук боюнча окутууларды жүргүзүүгө даяр экендигин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM