Биз менен байланышыңыз

Менчикке берилип кеткен Панфилов паркындагы жер тилкеси мэрияга кайтарылды

Кыска кабар | 25 Мар 2024 | 138 | 0

УКМК коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкектеги Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,072 гектар жер тилкесин мэриянын балансына кайтарды.

Бул тууралуу Атайын кызматтан кабарлашты.

2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлү менен келишип алып, Фрунзе көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесин (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатр) ар кандай оюн зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн жеке менчике мыйзамсыз бөлүп беришкендиги аныкталган.

Аталган жер тилкеси И. Панфилов паркынын аймагына таандык болуп, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери болуп эсептелет.

Бишкек шаарынын башкы планына жана Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери менчикке берилбейт.

Жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында жер тилкесин негизги менчик ээсине мыйзамсыз берүү фактысы далилденген жана бүгүнкү күнгө чейин ал жер бир нече жолу сатылып, акыркы менчик ээси М.С.У. аттуу жаран 0,072 гектар жерди муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.

Баасы болжолдуу 41 678 000 сом болгон.

Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка тараптарды  аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM