Биз менен байланышыңыз

УКМК Матраимов Азербайжанда экенин айтты

Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 286 | 0

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы ыкчам маалыматтарга таянып, учурда издөө жаряланган Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Бакуда экенин билдирди.

Буга байланыштуу УКМК Азербайжан тарапка аны кармоо боюнча кат жиберген. Азыркы тапта УКМК кызматкерлери азербайжандык кесиптештери менен Матраимовду кармоо жана аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Ошол эле учурда кечээ, 22-мартта Бишкекте кармалган азербайжандык кримтөбөлдөрдүн Райымбек Матраимов менен байланышы бар экендиги аныкталды, — деп билдирет УКМК.

Буга чейин УКМК крим чөйрөгө тийиштиги бар делген Азербайжандын 5 жараны кармалганын, алар өлкө жетекчилигине кол салууну уюштуруу үчүн келгени аныкталганын билдирген.

УКМК өлкө жетекчилигине кол салууну көздөгөн чет өлкөлүк кримтөбөлдөрдү кармады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM